Акеров: Жапаров шайлоого барса президенттин милдетин Сурабалдиева же Мамытканов аткаруусу керек

Акеров: Жапаров шайлоого барса президенттин милдетин Сурабалдиева же Мамытканов аткаруусу керек

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турган болсо, анын милдетин орун басарлары Элвира Сурабалдиева же Максат Мамытканов алуусу керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров «Фейсбук» баракчасына жазды.

Эксперттин айтымында, ушундай кадам менен парламент менен болчу конфликтин алдын алууга болот.

“Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турган болсо, аны ким алмаштырарын парламент менен конфликке барбай чечсе боло турган бир нече жолу бар. Биринчиси, вице-премьер министр Новиков менен  вице-премьер министр Мамыткановдун ордуларын алмаштыруу (ротация жолу менен). Анткени А.Новиков жаш курагына байланыштуу президенттин милдетин аткаруучу боло албайт. Мындай болгондо М.Мамытканов шайлоо өнөктүгү учурунда президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп калмак.  Экинчиси, биринчи-вице-премьер-министр макамын, болбосо бул кызматты М.Мамыткановго же Э.Сурабалдиевага берүү. Мындай болгондо биринчи вице-премьер-министр макамына ээ болгон жогоруда айтылган (М.Мамытканов же Э.Сурабалдиева) вице-премьерлердин бири шайлоо өнөктүгү учурунда президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп калмак”, — деп айтылат саясат талдоочунун билдирүүсүндө.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Талапкер болгусу келгендер 14-ноябрга чейин документтерин тапшырышы керек.

Аталган шайлоого учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров да барарын билдирген.  Жапаровдун бул билдирүүсүнөн кийин анын шайлоого катышуусу канчалык мыйзамдуу жана анын милдетин ким аткарат деген суроонун тегерегинде талаш-тартыштар орун алып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>