Элчилик: Кыргызстандыктар Орусияга аба каттамдары менен гана бара алышат

Элчилик: Кыргызстандыктар Орусияга аба каттамдары менен гана бара алышат

Орусия азырынча Кыргызстандын жарандары үчүн казак-орус чек арасындагы чектөөлөрдү ала элек. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө кыргызстандыктар Орусияга аба каттамдары менен гана бара алышат.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, автоунаа менен казак-орус чек арасындагы өткөрмө бекеттер аркылуу Орусиядан чыгып кетүүгө гана мүмкүн.

Казакстандын бийлиги 11-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек араларындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги чектөөлөрдү алган.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер 2020-жылы жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган. Андан бери кыргызстандыктар коңшу өлкөгө учактар менен гана каттап келишкен.

Пандемияга чейин кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» өткөрмө бекети аркылуу күн сайын 10 миңге жакын жөө адам жана 1,5 миңден ашык автоунаа өтүп келген. Туристтик мезгилдерде жөө кишилердин саны 35 миңге, автоунаалардын саны 2,5 миңге чейин жетип турган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>