Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алтын алып өткөндөр кармалды

Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алтын алып өткөндөр кармалды

19-апрель күнү жашыруун кызматтын адистери  Ош аэропортунун чыгуучу залында сары түстөгү металдарды алып өтүүгө аракеттенип жаткандарды колго түшүрдү. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 14-апрелде Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К.  аттуу Өзбекстан жарандарынан сары металдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзөт.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн.

Азыркы учурда жогоруда аталган адамдар кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>