«Элдикин басып алышкан». Ташиев байлардын мүлкүн текшерерин айтты

«Элдикин басып алышкан». Ташиев байлардын мүлкүн текшерерин айтты

Арзан акчага жана коррупциялык жол менен менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу улантылат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал бай адамдардын мүлкү тизмеленип, анын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынарын айтты.

«Мурдагы башаламан заманда элдин байлыгын, көптөгөн ишканаларды арзан акчага сатып алышып, же коррупциялык жол менен менчиктештирген. Алар элдин мүлкүн ээлеп алып, 30 жылдан бери бай болуп жүрүшөт. Анын барын тартипке салыш керек. Ал элдин байлыгы. Тизмеге салабыз. Бир нече адам эмес, жалпы эл байыш керек», — дейт ал.

УКМК Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда 3 ири база кайтарылганын айтты.

«Алардын ордуна мектеп, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйүн салабыз», — деди ал.

Ташиев мамлекетке өткөн Жалал-Абаддагы жүк жүктөөчү базалардын бири  Тумановдорго (парламенттин мурдагы депутаттары — Кубанычбек жана Токтогул Туманов — ред.) тиешелүү экенин кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>