Элечекчен аялдын сүрөтү. Мамлекеттик катчы укук коргоо органдарына кайрылды

Элечекчен аялдын сүрөтү. Мамлекеттик катчы укук коргоо органдарына кайрылды

Мамлекеттик катчы Сүйүн Касманбетов сүрөтчү Төлөбек Нурдиновду жоопко тартуу талабы менен укук коргоо органдарына кайрылды. Бул боюнча ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Сүйүн Касманбетовдун пикиринде, сүрөтчүнүн эмгеги улуттук баш кийимди шылдыңдоо болуп саналат.

“Ак элечек, ак жоолук кыргыз айымдары нарктуу журттун ак даарыган бөркү, узун жолдо улуу көчтүн көркү болгон!  Тентектерди жөнгө салып койчу жөнтөктөр чыкпайт деп ойлошобу, же айбандык менен жасап жаткан иштерин эрдик көрүшөбү? Мындайларга мыйзам чегинде тиешелүү мамлекеттик органдар жана анын жетекчилери чара көрүүсүн талап кылам!

Көркөм чыгармачылыктын кайсыл түрүн гана тутунуучулар болбосун, өз улутуна, өзөгүнө, өздүгүнө этият, дыкат жана адептүү мамиле кылууга чакырамын! Улуу Кыргыз элинин урпагы, Кан Манастын тукуму ойлонолу, намысыбызга, эсибизге келели!”, — дейт мамлекеттик катчы.

Белгилей кетсек, сүрөтчү Төлөбек Нурдинов (соцтармакта Ormon Hayyam ысмы менен таанымал) элечек оронгон  аялдын эки сүрөтүн тартып чыгарган. Анын биринде аял ич кийимчен болсо, экинчисинде, тамеки тартып турат.

Социалдык тармактагы кызуу талкуудан кийин Төлөбек Нурдинов Facebook баракчасы аркылуу “Моника” деп аталган эмгеги үчүн элден кечирим сурады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>