Электрондук кол тамга элчиликтерде бериле баштайт. Кантип алууга болот?

Электрондук кол тамга элчиликтерде бериле баштайт. Кантип алууга болот?

Кыргызстандын жарандары үчүн “булуттун” негизиндеги электрондук кол тамганы онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн жайылтуу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоор ушул жылдын 1-августунан 2024-жылдын 1-августуна чейин  жүргүзүлөт.

Электрондук кол тамганы кантип алууга болот?

1) Мобилдик тиркеменин жардамы менен реалдуу убакыт режиминде Liveness технологиясын колдонуу аркылуу Face ID сервисинен идентификациялоо жол-жобосунан өтүү (Liveness – Бетти таанууну колдонуу менен пайдалануучуларды ишенимдүү биометрикалык идентификациялоо үчүн алдамчылык аракеттеринен коргоо технологиясы);

2) Идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда арыз ээси байланыш телефонунун номерин жана электрондук почтанын дарегин киргизет, андан ары “булуттук” технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук кол тамганын ачкычтары менен иштөө үчүн пин-коддор жөнөтүлөт;

3) Көрсөтүлгөн жол-жоболорду аяктоо үчүн “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын күбөлөндүрүүчү борбору тарабында автоматтык режимде “булуттук” технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук кол тамга ачкычтарын генерациялоо жана берүү жүргүзүлөт.

Өз кезегинде, Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргызстандын жарандарына “булуттук” электрондук кол тамгаларды берүүгө укуктуу. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде БЭК берүү 25-июлдан башталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>