Ноокатта бир нече адам 3 кг баңгизат менен кармалды (сүрөт)

Ноокатта бир нече адам 3 кг баңгизат менен кармалды (сүрөт)

Ноокатта 3 кг жакын баңгизат алып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокат райондук милициянын кызматкерлерине мыйзамсыз баңгизат колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарында шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы Д.Ж.уулу аттуу тургуну кармалган.

«Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 40 жаштагы И.Н., 39 жаштагы Б.Т., 43 жаштагы Т.М., жана 26 жаштагы А.О. уулу аттуу тургундары кармалган. Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 кг 869 грамм өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган заттарга карата соттук химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар нашаа экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>