Кыргызстан боюнча 47 бинардык опцион жабылды

Кыргызстан боюнча 47 бинардык опцион жабылды

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 47 бинардык опцион жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз опциондорго байланыштуу өлкөдөгү бардык оюн-зоок жайлар текшерүүгө алынат. Учурда жабылган 47 бинардык опциондун имараттарындагы жазуулар алынып салынган. Алар Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан.

«Алар бинардык опциондорду соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген. Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тишелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, аталган опциондорго тиешелүү компьютердик техникалар алынды», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ учурда аталган мекемелерди текшерүү иштери уланып жатканын жана алдардын ишинде мыйзам бузуу аныкталса, алар жабылып, аны иштеткендер жоопко тартыларын билдирди. Ал эми аныкталган фактылар боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

«Учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына мыйзамсыз иштеп жаткан бинардык опциондор боюнча маалыматтар келип түшүүдө жана алардын бардыгы мыйзам чегинде текшерилип, юридикалык баа берилип, жоопкерчиликтери карала тургандыгын билдиребиз. Эгерде жарандардын бинардык опциондордун мыйзамсыз жашыруун иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар болсо, ИИМдин Басма сөз кызматына кайрылыңыздар. Алынган ар бир маалыматтар боюнча тиешелүү ыкчам кызматтар иштешип, мыйзам чегинде чаралар көрүлө тургандыгын билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда 45 бинардык опцион жабылганы тууралуу кабарланган.

ИИМ өлкө боюнча 45тен ашык бинардык опционду жапты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>