Парламентте электрондук тамекиге тыюу салуу сунушу кайра көтөрүлдү

Парламентте электрондук тамекиге тыюу салуу сунушу кайра көтөрүлдү

Парламент жыйынында депутат Эрулан Көкүлов электрондук тамеки жана энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кайрадан көтөрдү.

Ал бул маселе парламентте байма-бай көтөрүлүп, алтургай бир нече мыйзам долбоорлору жазылганы менен эмне үчүн тыюу салына электигине кызыкты.

Депутат Эрулан Көкүлов электрондук тамеки жана энергетикалык суусундуктарды сатуучулардын кызыкчылыгын жактагандар бар экенин кошумчалады.

“Биз бир-эки бизнесмен пайда көрсүн деп жаштарды бузуп жатабыз. Ал эми Канада, Австралия, Израиль, Жапония сыяктуу өлкөлөрдө бир адам өзүнүн электрондук тамекисин алып келсе да аэропортто 400-500 доллар айыпка жыгылат”, — деди ал.

Анын айтымында, Бишкекте эле электрондук тамеки саткан 150дөн ашык дүкөн бар. Ал парламент спикеринен Саламаттыкты сактоо министрлигине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>