Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсү электр энергиясын кантип үнөмдөйт?

Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсү электр энергиясын кантип үнөмдөйт?

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гуля Кожокулова Акылбек Жапаровдон жеке өзү электр энергиясын кантип үнөмдөп жатканын айтып берүүсүн суранды.

Ал электр энергиясын үнөмдөө тууралуу байма-бай айтып жатканын белгилеп, үй-бүлөсү менен электр энергиясын кантип үнөмдөгөнүн айтып берүүсүн суранды.

Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик резиденцияга көчпөй, өз үйүндө жашап жатканын айтты.

«Уулум Кытайда жашап келгенден кийин бөлмөдөн чыкканда дайыма жарыкты өчүрөт, биз дагы ошентип турабыз», — деди ал.

Жыйында “Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>