“Элементардык күрөгүңөр жок”: Депутат ӨКМдин ишин сынга алды

“Элементардык күрөгүңөр жок”: Депутат ӨКМдин ишин сынга алды

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин сынга алды.

Анын айтымында, ӨКМ атайын техникалар менен камсыздалган эмес.

Табигый кырсык болгондон кийин жерине барып жардам бергениңер жакшы. Бирок, кырсыктын алдын алуу жана өзгөчө кырдаал катталганда аны өз убагында жоюу силердин түздөн-түз милдет болуп эсептелинет. Биз жерине барып, тургундар менен сүйлөштүк. Алардын айтуусунда, силердин колуңарда тазалай турган элементардык күрөктөр дагы жок экен. Техникалар барса, соляркасы жок болуп калат”,-  деди депутат.

Ошондой эле, ал өзгөчө кырдаал учуру күчөп турган учурда Каржы министрлиги ӨКМге каражатты өз убагында бериши керектигин айтты.

Май жана июнь айында силер күнү-түнү иштей турчу убагыңар. Анткени азыр сел кооптуу болуп турган учур.  Жергиликтүү бийлик менен бирге тыгыз иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”, — деди ал.

Ал эми жыйынга катышып жаткан ӨКМдин өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштерине Финансы министрлиги тарабынан каражат толук бөлүнө электигин бирок каражаттар этап менен берилип жатканын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>