Чүй: 9 жыл мурун жерге эки кишини көмгөндөр табылды (ВИДЕО)

Чүй: 9 жыл мурун жерге эки кишини көмгөндөр табылды (ВИДЕО)

Чүй милициялары 9 жыл мурун эки адамды өлтүрүү кылмышынын бетин ачышты. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  ушул жылдын 10-майында милиция кызматкерлеринин ыкчам ишинин натыйжасында 2013-жылы адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалган.

Алсак, 2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1989-жылы туулган Кунбасов Н. жана, 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран кайрылган, алар 2013-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып, кайтып келишкен эмес.

Бул факт Токмок шаардык милиция бөлүмүндө катталып, кийин Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинде (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, издөө иши башталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Атайын багыттамалар жөнөтүлүп, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын мүмкүн болгон байланыштары аныктоого боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик чек арадан өтүү фактысын аныктоо максатында тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлүп, жоголгонго чейин байланышта болгон бир катар адамдар суралган.

2022-жылдын 3-майында Ысык-Ата районунун ИИБнин Нөөмөт бөлүмүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүндө жайгашкан талаалардын биринен адам калдыктарын табуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам топ токтоосуз жөнөтүлгөн.
Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон бардык
экспертизалар дайындалган.

Андан кийин дайынсыз жоголгон Н. Кунбасовдун жана Т.Ишеновдун туугандары аталган сөөктөрдү жана сакталган кийимдерди аныктап, инсандыгын тастыкташган.

Аталган кылмышты жасагандыгына шектенүү катары 1985-жылы туулган Х.Ш. жана 1964-жылы туулган Х.Ж., аттуу жарандар кармалып, Ысык-Ата районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш толугу менен өлтүрүлгөндөр менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосундагы келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр аталган эркектердин өлүктөрүн алып чыгып, Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан.

Мындан тышкары, 2014-жылы тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган, бирок шектүүлөр, анда жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда, алардын ортосундагы чыр-чатак алар тынчтык жолу менен чечишти жана алардын жок болушуна эч кандай тиешеси жок деп көрсөтмөсүндө айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>