«Элкарт» карталарын MegaPay тиркемесинен телефон номери аркылуу толуктаңыз

«Элкарт» карталарын MegaPay тиркемесинен телефон номери аркылуу толуктаңыз

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору абоненттердин ыңгайы үчүн сервистердин катарын кеңейтүүнү улантат. Эми MegaPay мобилдик тиркемесинде Кыргызстандагы бардык банктардын «Элкарт» карталарын телефон номери аркылуу толуктоо мүмкүнчүлүгү колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болуп калды.

Бул жаңы сервис смартфондогу акча каражатын карта эсебине которуу процедурасын бир топ жеңилдете алат.

Каражатты MegaPay аркылуу «Элкартка» кантип которсо болот:

  • MegaPay’дин (Google Play жана App Store’дон жүктөп алууга жеткиликтүү) башкы менюсунан «Төлөмдөр» баскычын тандаңыз;
  • андан соң, «Банктык кызматтар» – «Элкарт» картасын телефон номери аркылуу толуктоо» баскычын басыңыз;
  • «Элкарт Мобайлга» катталган телефон номерди жазыңыз;
  • толукталуучу сумманы киргизип, төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр! Кызмат үчүн алынуучу комиссия 1 пайызды түзөт.

Ал эми которулган каражат кыска убыкттын ичинде картага келип түшөт.

Эске сала кетели, MegaPay тиркемесине Кыргыз Республикасындагы банктар тарабынан эмиттелген бардык Visa жана «Элкарт» карталарын байлап, 600дөн ашуун кызматтар жана сервистер үчүн төлөм жүргүзүүгө болот. Бул кызматтардан кантип пайдаланса болорун шилтеме аркылуу өтүп кененирээк тааныша аласыздар.

MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: MegaCom

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>