Элзар Өскөнбаеванын үнү менен ырдаган ырчы пайда болду (ВИДЕО)

Элзар Өскөнбаеванын үнү менен ырдаган ырчы пайда болду (ВИДЕО)

Белгилүү ырчы Элзар Өскөнбаеванын үнү менен тойлордо фонограмма аркылуу ырдаган ырчы пайда болду. Бул туурасында ырчы Өскөнбаева фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал, “бул чоң кыз такыр сыр бербей эле эзип жатат го…  менин үнүм менен, өзүм уялып кеттим, ай. Элди эч качан алдай албайбыз, өзүбүздү-өзүбүз алдайбыз.  Минусун берем үнүң менен эмгек кылып жаздырып алып ырда, уят болот. Дагы башка ырчылардын үнү менен да ырдайт дешти. Өзү башка үндөр менен бир нече жолу видео жүктөптүр. Мындайлар өтө көп, чыгарып койбосо да болбойт” –деп пост жазган.

Андан соң Элзар Өскөнбаева  Reporter.kgге ал ырчы кыз менен байланышканын айтып берди.

Мен жаңы эле ал кыз менен байланыштым. Аты Асель экен. Ага мунуң эмне десем, сизди ырдаарыңызды билбейт экенмин, бир тойдо ырдап койгом дейт. Анын инстаграмдагы баракчасынан башка ырларымды да ырдап жүктөп коюптур. Менден башка ырчылардын да үнү менен фонограмма аркылуу ырдап коймоюу да бар экен. Башында мен ага кайрылып, мындай кылганың болбойт десем, жооп берген жок. Уяткаруу максатында социалдык тармактарга ачыкка чыгардым” – деди ырчы.

Кыргызстанда автордук укук боюнча бир канча көйгөйлөр көтөрүлүп жүргөнү менен конкреттүү кадамдарга барыша элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>