«Азаттык» партиясы: Бийлик Калмаматовду бошотуп, андан кечирим сурасын

«Азаттык» партиясы: Бийлик Калмаматовду бошотуп, андан кечирим сурасын

Бийлик экс-депутат Бактыбек Калмаматовду бошотуп, андан кечирим сурашы керек. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын тергөөчүлөрү партиялашын «Манас» аэропортунан мыйзамсыз кармоо менен бир катар мыйзамдарды бузган. Ал белгилегендей, Калмаматов кичи ажылыкка (умрага) кетер алдында чек ара кызматынан жана казыят бөлүмүнөн өлкөдөн чыгууга тыюу бар-жогу тууралуу маалымат сураган. Алар жок дешкен.

Партия жетекчиси Калмаматов учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер экенин белгиледи.

«Биз анын жакынкы аралыкта бошотулушун талап кылабыз, УКМКнын тергөөчүлөрүн жоопко тартуу боюнча жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго дагы кат жаздык», — деди ал.

Саясатчы Бактыбек Калмаматов камалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>