Өскөн-Ордодон жер тилкени мыйзамдаштыруу үчүн алдамчылык аныкталды

Өскөн-Ордодон жер тилкени мыйзамдаштыруу үчүн алдамчылык аныкталды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу калаанын Октябрь райондук милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 27-май күнү шаардык тургун К.Д. аттуу жаранга карата 2019-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын Юнусалиева көчөсүнүн жээгинде жайгашкан нотариалдык кеңселердин биринде жүрүп, трансформациялоо маселесин чечүүгө көмөктөшөм деген шылтоо менен ишенимге кирип, алдап кеткен «Бактыгүл» аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ал Өскөн-Ордо конушундагы 5,15 га жер тилкесин мыйзамдаштырып берем деп 224 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты алдап алган. Ошондон кийин ал убадасын аткарбай, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факты катталып, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1962-жылы туулган А.Б. кармалып, тергөөгө алынган. Кылмышка шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул айымдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү 0 (709) 08-42-44, 0 (502) 44-11-12 же 102 телефондор аркылуу байланышса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>