Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүүдө. Министр бүтүрүүчүлөрдү куттуктады
29.05.2026 | 10:57

Бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын бардык мектептеринде 2025-2026-окуу жылы аяктап, «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүп жатат. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды жана мугалимдерди бул күн менен куттуктады.
Министрдин айтымында, быйыл Кыргызстан боюнча 80 миңден ашуун окуучу 11-классты, ал эми 136 миңден ашуун окуучу 9-классты аяктап жатат. Ал ар бир бүтүрүүчүнүн келечекте өз ордун таап, максаттарына жетишин, ошондой эле мекендин өнүгүшүнө салым кошкон ийгиликтүү инсан болушун каалады.
"Каалаган окуу жайыңыздарга тапшырып, турмуш жолуңарда чоң ийгиликтерди жаратаарыңыздарга ишенем. Кыргызстандын келечеги — силердин колуңарда. «Акыркы коңгуроо» майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!",- деди министр.
Кендирбаева ошондой эле мугалимдерди да куттуктап, аларгы ыраазычылыгын билдирди:
"Өлкөбүздүн келечеги болгон балдарды тарбиялап, билим берип жаткан бардык мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм!".