Эми мас абалында унаа башкаргандар 20 миң сомдон айып төлөйт

Эми мас абалында унаа башкаргандар 20 миң сомдон айып төлөйт

Жол эрежесин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам Ички иштер министрлиги тарабынан жазылган. Бул тууралуу «Марал» жазды.

Айта кетсек, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул жолку мыйзам долбоордо ага бир канча оңдоолор-түзөтүүлөр киргизилген.

Мыйзам долбоорунда каралган бир учурга токтоло кетсек, ичимдик ичип, нашаа чегип, же ушул сыяктуу абалда унаа айдагандар үч суткага камалып, алты ай айдоочулук укугунан ажырайт.

Ал эми ушундай эле абалдагы айдоочу атайын экспертизадан өтүүдөн качса, беш жыл айдоочулук укугунан ажырап, беш суткага камалат.

Эгер айдоочу мас абалында адамдын ден соолугуна залал келтирсе же материалдык чыгымга учуратса, 10 жыл айдоочулук укугунан ажырайт.

Ушундай кырсыктарды жыл ичинде кайталап жасагандар айдоочулук укуктан өмүр бою ажыратылып, унаасы мамлекеттин карамагына алынат.

Бул категориядагы эреже бузуунун айып пулун 7500 сомдон 20 миң сомго көтөрүү да сунушталды.

Жаңы мыйзам долбоору менен кененирээк Министрлер кабинетинин расмий сайтынан таанышсаңыз болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>