Эми жаңы үйлөнгөндөр парктарга бак отургуза алышат. Бишкекте жаңы долбоор башталды

«Бишкекжашылкурулуш» ишканасы жана «GREEN AIR» компаниясы жаңы үй-бүлө кургандар үчүн бак отургузуу долбоорун ишке киргизди. Бишкек мэриясынын маалыматында, долбоор шаарды жашылдандырууга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоого багытталган.
Долбоорго катышууну каалагандар эки жума мурда мэриянын сайтындагы тиешелүү бөлүм аркылуу билдирме бериши керек. Түгөйлөр бак отургузула турган күндү, убакытты жана аймакты (парк, сквер ж.б.) өздөрү тандап, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүшөт. Алгачкы билдирүү калтырган беш жупка көчөттөр акысыз берилет.
Баалар жана мөөнөттөр:
- 10-апрелден 25-октябрга чейин (жабык тамырлуу көчөттөр) — 15 500 сом;
- 10-марттан 10-апрелге чейин жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин (ачык тамырлуу көчөттөр) — 7 800 сом.
Тизмеге клён, ак кайың, липа, катальпа жана каштан сыяктуу дарактар кирген. Көчөттөр муниципалдык питомниктен берилет же адистер менен макулдашуу негизинде өз алдынча сатып алынса болот. Бак-дарактар сугат системасы бар коомдук жайларга адистердин көзөмөлү менен отургузулат.