Бишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтотот
Алгачкы болиддер сууга чыкты: Ысык-Көлдө F1H2O башталды — видео
31.07.2026 | 15:34

Бүгүн Ысык-Көлдө UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын — «Суудагы Формула-1дин» эркин машыгуулары башталды. Учурда спортчулар бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашып, техникаларын сынап жана квалификациялык жарыштын алдында болиддердин оптималдуу жөндөөлөрүн тандап жатышат.
Бүгүнкү жарыштардын графиги:
- 14:30–15:30 — биринчи эркин практика (учурда сууда);
- 16:30–17:30 — экинчи эркин практика.
Эртең катышуучуларды старттык позицияларды аныктай турган квалификациялык жарыштар жана спринттик жарыш күтөт. Ал эми Кыргызстандын Гран-присинин финалдык жарышы 2-августта өтөт.
Эскерте кетсек, F1H2O болиддери суунун үстүндө саатына 250 чакырымдан ашык ылдамдыкты өнүктүрүүгө жөндөмдүү.
Эске салсак, «Суудагы Формула-1» UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этабы 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көлдө, Бает айылында өтүп жатат. Бул Борбордук Азиядагы мындай деңгээлдеги алгачкы мелдеш.