Башкы аталышы:ИИМ: Бишкекте улгайган аялга кол көтөргөн адам анын жолдошу болуп чыкты

Бишкекте улгайган аялга кол көтөргөнү тартылган видеодогу адам анын жолдошу болуп чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 27-июлда социалдык тармактарда мас абалындагы эркек кишинин улгайган аялга карата күч колдонуп жаткан видеосу жарыяланган. Андан кийин бул факты Биринчи май РИИБинде катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.
Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуяга катышкан жарандардын өздүгүн аныктап, алардын жубайлар экенин такташкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 1986-жылы туулган Д.Р. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренеси («Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо») боюнча протокол түзүлгөн. Мекемеден билдиришкендей, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Ошондой эле аталган жаран буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгү үчүн үч суткага административдик камакка алынганы аныкталган. Андан соң ага жана жубайына убактылуу коргоо ордерлери берилген.
Милиция кошумчалагандай, аял жолдошуна карата эч кандай доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.
Окуянын чоо-жайы
27-июлда социалдык тармактарда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде эркек кишинин улгайган аялга кол көтөрүп жаткан видеосу кеңири тараган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, андан кийин милиция кызматкерлери окуя боюнча текшерүү иштерин баштаган.