Эң аз айлык акы Ош облусунда. Өлкөдө орточо маяна 35 миң 298 сомду түздү

Эң аз айлык акы Ош облусунда. Өлкөдө орточо маяна 35 миң 298 сомду түздү

Январь-июнь айларына карата Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түздү. Бул боюнча Улуттук статистика комитетинин айлык отчетунда маалымдалат.

Эң жогорку орточо маяна Бишкекте жана Ысык-Көлдө. Ордо кааланын тургундарынын айлыгы — 42 миң 618 сом.

Белгилей кетсек, январь-май айынын жыйынтыгы менен жогорку маяна Ысык-Көлдө катталган. Анын орточо көлөмү республикалык деңгээлден дагы ашып, 42 миң 212 сомго жеткен. Алты айда ал бир аз азайып, 42 миң 79 сом болду.

Үчүнчү орун үчүн Талас менен Нарын атаандашып келет. Январь -июнь айынын жыйынтыгы менен Нарын алдыга озуп, орточо маяна 33 миң 985 сомго жетти. Таластын тургундары 33 миң 906 сом иштеп табышууда.

Жалал-Абадда орточо айлык өткөндө 30 миң 988 сом болсо, июлда көтөрүлүп, 31 миң 423 сомго жетти.

Чүйдө — 29 миң 747 сом, Ош шаарында — 29 миң 690 сом, Баткенде — 27 миң 353 сомго жетет.

Ош облусунда 25 миң 114 сомду гана түзөт.

Эң көп маянаны (63 миң 396 сом) маалымат жана байланыш тармагында иштеген жарандар алышат. Андан кийинки орунда (62 миң 935 сом) финансы жана камсыздандыруу жаатындагы эмгекчилер жана кен казуучу компаниянын кызматкерлери (63762) турат.

Эң аз маяна саламаттыкты сактоо (21 миң) жана тейлөө тармагы (24 миң сом) берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>