КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Энергетикалык суусундуктарга акциз 2024-жылга чейин эки сом болот
21.02.2023 | 13:41
Быйылкы жылдын 1-январынан тарта сыра акциздик марка менен маркировкаланат, ал эми энергетикалык суусундуктарга акциз 2024-жылга чейин көтөрүлбөйт. Тиешелүү документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Эске салсак, 2023-жылдын башынан тарта алкоголсуз энергетикалык суусундуктардын бир литри үчүн акциздик салыктын чени2 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлүшү керек болчу.
“Ошол эле учурда маркировка киргизилген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат”, — деп айтылат документте.
Эскерте кетсек, былтыр парламентте Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салуучу мыйзам долбоору даярдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика