Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камалды
14.10.2021 | 20:00
Бишкектеги “Дордой-Дыйкан” базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.
Азырынча эмне себептен кармалганы боюнча так маалыматтар тарай элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат