Бекзат Алмаз уулу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды

Бекзат Алмаз уулу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Бишкектеги Азиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Алмаз уулу 57 кг салмакта күч сынашты. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде палестиналык Али Абурумаиланы 9:2 эсебинде жеңди. Андан кийин кытайлык Ванхао Жуну 3:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Ал эми жарым финалда Бекзат Алмаз уулу монголиялык Мункх Эрдене Батхуяг менен күч сынашты. Кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Бекзат Алмаз уулунда болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды. Бул жеңиши менен ал Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Аталган жолдомо — эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандардын Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алган биринчи лицензиясы.

Бишкектеги Азиялык лиценциялык мелдеште эркин күрөш боюнча олимпиадалык деп эсептелген 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг салмактарда жолдомо ойнотулууда. Ар бир салмакта финалда чыккан экиден балбан Олимпиаданын лицензиясына ээ болот. Финалдык беттештер болбойт.

Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт. Буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимпиадага 5 жолдомо алган: грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>