Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Эртең Аскар Акаев Казакстанга барат
18.06.2022 | 11:35
Эртең, 19-июнда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Алматыга учуп, ал жактагы Казак улуттук университетинин имаратында “Байыркы доорлордон берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги” деген темада лекция окуйт. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында маалымдалды.
Маалым болгондой, иш-чарага чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери, интеллигенция жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Илимдер академиясынын президиумунун мүчөлөрү, окумуштуулар, КазМУнун ардагерлери, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышат.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат