Ошто милиция кызматтык милдетин аткарып жатып сууга чөгүп каза болду

Ошто милиция кызматтык милдетин аткарып жатып сууга чөгүп каза болду

Кара-Суу РИИБнин кызматкери Сыймык Мырзабеков Ош облусунда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болду. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери 22 жашта болгон. 2017-2021-жылдары Ички иштер министрлигинин Академиясында окуган. 2021-жылдын 4-ноябрынан тарта Кара-Суу РИИБнин аймактык инспектору болуп иштеген.

16-июнь күнү Курбан-Кара айылындагы Савай каналына эркек киши агып кеткен. Бул сууга түшүү мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында профилактикалык рейд учурунда болгон. Маркумдун үч кесиптеши аны куткарып калууга аракет кылышкан, бирок куткара албай, участкалык милиционер сууга чөгүп кеткен. Сөөк бүгүн, 18-июнда саат 8.30дар чамасында табылган.

Түштүк аймактык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери Сыймык Мырзабековдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>