Венчурдук каржылоо. Стартаптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүкпү же тобокелдикпи?Министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчыдагы шаардык ооруканага барып, бир катар тапшырмаларды бердиКыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдары
Эртең Бишкекте балдарга карата зомбулукка каршы митинг өтөт
07.07.2022 | 17:24
Эртең, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында балдарга карата зомбулукка каршы митинг өтөт. Нааразылык акциясын “Баштан Башта” жарандык кыймылы уюштурууда.
Маалым болгондой, 8-июлда Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды эки укук коргоо кызматкери жана коопсуздук кызматкери (кароолчу) тарабынан “бир нече жолу зордуктоо” иши боюнча соттук териштирүү отуруму болот.
Буга чейин кызды суракка алууда анын жанында ата-энеси, соцкызматкерлер да болгон эмес, ага психологиялык басым жасалган.
Нааразылык акциясы саат 15.00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом