Таласта 8 айда көчмө маммографтан 1,4 миң аял текшерилди

Таласта 8 айда көчмө маммографтан 1,4 миң аял текшерилди

Талас облусунда акыркы 8 ай ичинде санарип маммографта 1,4 миң аял текшерүүдөн өттү.  Маммограф 2020-жылы Германиядан “Кыргыз Республикасында көчмө маммографиялык борборду колдонуу менен аялдардын жатын моюнчасынын жарасын жана эмчек рагын эрте аныктоо” атайын долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Бул Кыргызстан үчүн уникалдуу жабдык аялдар арасында кеңири тарабаган рактын бардык түрлөрүнүн жайылышын эрте диагностика жасоого жол берет. 2021-жылдын сентябрь айында аппаратты Талас облусуна алып келишкен. Бул аймакта аталган долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен ишке ашты.

“Буга чейин Талас облусунда мындай жабдык болгон эмес. Аялдар текшерүүдөн өтүү үчүн жолго каражат коротуп, Бишкекке барууга аргасыз болушчу”, — дейт Талас облустук үй-бүлөлүк борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору Айжамал Шамбетова.

Алгач маммограф Бекмолдо айылында иштеп жаткан, андан кийин Таласта жана Кызыл-Адырда иштөөдө. Чыңалуу болгондугунан улам кээ бир деталдары бузулуп, эки жолу жарактан чыгып калган. Керектүү тетиктерине буюртма берилип, оңдоо жүргүзүлгөн соң, маммограф кайра калыбына келтирилген. Диагностика чоң суроо талапка ээ, анткени эмчек рагы аялдын ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч жаратат.

 “Маммографта текшерилүү акысыз жана аялдар дагы ыраазы. Кээ бирине ал ракты эң баштапкы этапта аныктоого, өз убагында чара көрүп, өмүрүн сактап калууга жардам берди”, — деди Айжамал Шамбетова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>