Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Эртең Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт
15.09.2023 | 23:22
Эртең, 16-сентябрда Бишкек шаарында күзгү жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, көчөлөр, короо-сарайлар, сейил бактар жана бакчалар тазаланат.
“Тазалоодо өзүбүздүн имараттарга жана курулуштарга жанаша жайгашкан ирригациялык тармактарды, шаардагы сейил бактарды, гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилер, уюмдар жана мекемелер үчүн ишембилик өткөрүлө турган жерлер райондук администрациялар тарабынан аныкталды”, – деп билдирди мэриядан.
Мэрия бардык жарандарды ишембиликке чыгууга чакырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар