Бишкекте ИИМдин кызматкерлери ишембиликке чыгышты (сүрөт)

Бишкекте ИИМдин кызматкерлери ишембиликке чыгышты (сүрөт)

Бүгүн, 16-сентябрда «Улуттук тазалык күнүнүн» алкагында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

ИИМдин борбордук аппараттын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин аймагын, Тыныстанов, Фрунзе жана Жумабек көчөлөрүнө жанаша жайгашкан көчөлөрдү таштанды, жалбырак жана чөптөрдөн тазалашкан.

«Ишембиликке Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын бардык бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышты. Милиция кызматкерлеринин бирдиктүү аракети менен бир нече сааттын ичинде министрликтин айланасы көрктөнүп, бардык жер тазаланды.

Мындай иш-чаралар айлананы иретке келтирүүгө гана жардам бербестен, биргеликте иштөөнүн духун жогорулатат. Ишембиликке катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз, биргелешип шаарларыбызды жакшыртабыз», — деп билдирет министрлик.

Ошондой эле, ИИМдин өздүк курамы башка мекемелердин кызматкерлери менен бирге Бишкектеги Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагын тазалоого катышкан.

«Иш-чаранын негизги максаты – Ботаникалык бактын тазалыгы жана экологиялык маданиятты калыптандыруу болгон.

Ишембиликтин катышуучулары бак-дарактарды тазалашты, куураган жана ашыкча өсүп калган талдарды кыркышты. Ошондой эле калдыктар менен таштандыларды да тазалап, ботаникалык бакты иретке келтиришти», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>