Дастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя беришти
Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу болбойт
08.06.2022 | 09:17
Эртең, 9-июнда Бишкектин айрым райондорунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өчүрүүгө “Баха” суу түтүгүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери себеп болууда.
Саат 9:00дөн 23:00гө чейин Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөлөрү менен чектешкен Абдрахмановдон баштап Арча-Бешик конушунун батыш чек арасына чейин, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромск, Гагарин, Псковская – Тыналиев, аймактарында муздак суу болбойт. ошондой эле «Сары-Өзөн», «Салкын-Төр», «Төмөнкү Орок», «Ала-Арча», «Арча-Бешик», «Плодовое», «Калтар», «105-райондор» конуштарында суу токтотулат.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, мекемелерден ичүүчү сууну өз убагында камдап алууну эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом