Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Эртең, 19 -октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү саат 9: 00дөн 21: 00гө чейин болот.

Суунун токтотулушу Батыш суу алуучу жайындагы, шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу болот. Суу берүү турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттер менен чектелет.

Чектелген аймактар Садыгалиев көчөсү, БЧК, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы. Ошондой эле «Кызыл Аскер», 110 -кварталдын турак аймагы, «Достук» кичи районундагы турак жайлар суусуз калат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>