Эртең өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн

Эртең өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн

Эртең, 11-сентябрда өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +23… +28;

Талас облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +21 … +26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 … +15, күндүз +25 … +30;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>