Бишкекте Кыргыз-кытай алдыңкы инженерлер институту ачылдыШКУнун Өнүктүрүү банкынын штабы жана жасалма интеллект тармагы: Токаев ШКУга жаңы реформаларды сунуштадыСадыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнө «Тамчынын» мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунуштадыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: спорттук мелдештер качан жана каякта өтөтКытай жана Кыргызстан «үч жамандык күчүнө» каршы күрөштү күчөтүшөт — кенен маалыматКыргызстан менен Түркия коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөөнү көздөшүүдө
Эртең Ысык-Көл аэропортунан Чолпон-Атага чейин унаа кыймылы бир саатка толугу менен токтотулат
20.07.2022 | 17:15
Эртең, 21-июлда саат 9.00дөн 10.00гө чейин Ысык-Көл аэропортунан Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейин унаалардын кыймылы толугу менен токтотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай делегациялардын өтүү учурунда убактылуу чектөөлөр болот. Жол боюнда кароосуз калган унааларды эвакуаторлор жүктөп кетет.
Жол кайгуул кызматы тыгындарды болтурбоо үчүн жолдо жүрүү эрежелерин сактоону жана жүрүү маршруттук алдын- ала пландап алууну суранат.
Белгилей кетсек, 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом