Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Чүй облустук соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун ишин кароодо
20.07.2022 | 17:32
Бүгүн, 20-июлда Чүй облустук сотунда жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун иши каралып жатат. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, сотто Тилекмат Кудайберген уулун мөөнөтүнөн мурда бошотуу иши каралат.
“Адилеттүү болсо бошотуп берер. Бирок, ишеним жок! Жакындарына күч кубат! Бул кундөр дагы өтөт Кудайым буйруса”, – деп жазган ал.
Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу “бийликти кулатууга чакырган” деп айыпталып 15-мартта кармалган.
Ал Жазык кодексинин 310-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 264-беренесине (Массалык баш аламандыктар) беренеси менен айыпталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом