Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Эртең Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын соңку жыйыны өтөт
21.12.2021 | 17:29
Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттарынын акыркы жыйыны эртең болот. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, жалпы 13 маселе күн тартибине киргизилген. Анын ичинен эң орчундуусу салык кодекси боюнча мыйзамды үчүнчү окуудан карашат.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары башка чакырылыштан айырмаланып 6 жыл бийликте отурушту.
Ал эми 23-декабрь күнү жаңы шайлоодо утуп келген VII чакырылыштын алгачкы жыйыны башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат