Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Он үч жаштагы Бакыт дайынсыз болууда
21.12.2021 | 16:44
2008-жылы туулган Бакыт Иманалиев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал Чүй районундагы мектеп-интернатынын тарбиялануучусу. Бакыт үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында эч кимге эскертүүсүз мекемеден чыгып кеткен жана кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 145-150 см, дене түзүлүшү чымыр, чачы кара.
Кийимдери: көк түстөгү куртка, кара футболка, кара спорттук шым, боз-ак спорттук бут кийим.
Милиция баланын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлардан төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт: Чүй РИИБнин нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-73-87 жана 0 (501) 74-66-00.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом