Баткендин ишкерлерине 66 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди

Баткендин ишкерлерине 66 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди

11-августка карата «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында ишкерлерге 66 млн сомдук 93 насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик долбоордун максаты — Баткен облусун мындан ары өнүктүрүүнү, жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин белгиледи.

Бул долбоордун алкагында бул жылдын аягына чейин коммерциялык банктар Баткен обслусунун чек арага жакын аймактарында иштеген чакан жана орто бизнеске каражаттарды жеңилдетилген пайыздык чен менен берет. Ошондой эле кредиттик келишимдер ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлөт.

Бул долбоор боюнча насыя алуу шарттары боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн «Айыл Банктын», «РСК Банктын» жана «Керемет Банктын» Баткендеги филиалдарына кайрылса болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Насыя

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>