ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Эртеңкиге карата аба ырайы
08.11.2023 | 23:26
Кыргызстандын 9-ноябрга караган түнү айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +6…+11, Талас жергесинде +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көлдө +7…+12, ал эми Нарында +4…+9 градус болот.
Ал эми Бишкекте эртең менен жана күндүз, Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Борбор калаада +8…+10, Ошто +10…+12 градус болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар