КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Эртеңкиге карата аба ырайы
05.06.2022 | 13:05
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 6-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +20 …+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +28…+30 градус болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом