Казакстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүүдө

Казакстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүүдө

Бүгүн Казакстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүүдө. Негизги Мыйзамдын тагдырын өлкөнүн жарандары чечүүгө тийиш.

16-мартта мамлекет башчы элге кайрылуу жасады. Казакстан супер-президенттик республикадан күчтүү парламенти бар президенттик республикага өтүшү керек, деди Касым-Жомарт Токаев.

29-апрелде Казакстан элинин ассамблеясынын сессиясында Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган. Мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын кыскартуу, парламенттин жана жергиликтүү өкүлчүлүк органдарынын ролун олуттуу түрдө күчөтүү, адам укуктары чөйрөсүн системалуу түрдө күчөтүү, Конституциялык сотту кайра түзүү, өлүм жазасын биротоло жоюуну консолидациялоо жана мыйзам боюнча жоболорду алып салуу сунушталды.

Негизги түзөтүүлөрдүн арасында ошондой эле президентке, аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, сотторго жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлерге партияга мүчө болууга тыюу салуу, учурдагы президенттин жакындарына саясий кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>