Эсеп палатасынын кызматкери пара менен кармалды

Эсеп палатасынын кызматкери пара менен кармалды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пара менен кармалган кызматкер тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок а/а мурдагы башчысы А.М.дан ушул ЖӨБ органынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.

2023-жылдын 19-майында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн В.Ш. кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>