Эсептөө палатасынын 5 аудитору шайланды. Алар кимдер?

Эсептөө палатасынын 5 аудитору шайланды. Алар кимдер?

Жогорку Кеңештин жыйынында 25-майда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору шайланды.

Алгач президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президент Эсептөө палатасынын аудиторлугуна Рыскулиев Бадахшан Акматович менен Жумагулов Уран Аскарбекович сунуштап жатканын маалымдады.

Ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы аталган кызмат орундарына Раматилаев Азамат Абдыкадыровичти сунуштаса, “Ынтымак” парламенттик фракциясы Садовников Вадим Александровичти, “Ишеним” парламенттик фракциясы Туркбаев Адамбек Борубаевичти, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы Сатимбаев Улан Кубанычбековичти, “Элдик” депутаттык тобу Батиров Пардаали Сулеймановичти көрсөттү.

Жашыруун добуш берүүнүн негизинде өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгында Бадахшан Рыскулиев, Уран Жумагулов, Вадим Садовников, Пардаали Батиров, Азамат Раматилаев Эсептөө палатасынын аудиторлору болуп шайланышты.

Жыйында Эсептөө палатасынын аудитору кызматына сунушталып жаткан талапкерлер 2021-жылга карата тапшырган деклорацияларын жана бир жылдык кирешеси тууралуу айтып беришкен. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>