Эшек бизнеси: Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси пара менен кармалды

Эшек бизнеси: Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси пара менен кармалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К., пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Буга чейин, 2016-жылы башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К., чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С., аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

2022-жылдын 14-майында КР УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С., аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К., кармалган.

Кармалган Ы.Т.К., азыркы учурда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>