Караколдун тургунун бычактап кетишти. Окуя болгон жерден видео

Караколдун тургунун бычактап кетишти. Окуя болгон жерден видео

Каракол шаарында жергиликтүү тургунду бычактап өлтүрүп кеткен эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-май күнү саат 21:30 чамасында Каракол ШИИБдин «102» кызматына Күчүкова көчөсүндө жайгашкан кошуна үйдөн адамдын жардам сурап кыйкырган үнү угулуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Шаардык милициянын нөөмөт бөлүмү, түшкөн кабар боюнча окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобун жана мобилдик топтун экипажын дароо жөнөткөн.

Каракол ШИИБдин мобилдик экипажынын курамында келген Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кенже инспекторунун милициянын старшинасы А.Калиев жана Ысык-Көл ОИИБдин МКККнын өзүнчө ротасынын милиционери, милициянын старшинасы Рыспек уулу Сагындык, аталган үйдүн терезесинен эки жаран секирип,  милиция кызматкерлеринен качууга аракет көрүшкөнүн байкап калышкан.

Милиция кызматкерлери алардын аркасынан түшүп, качып кеткендердин бирин кармап, Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Анын өздүгүн тактоо учурунда, ал Чүй облусунун Сокулук районунун 28 жаштагы тургуну Т.У. экени аныкталган. Ал эми, коңшулар тарабынан чакырылган тез жардам кызматынын дарыгерлери үйдүн ичинен үй ээсин, 38 жаштагы С.Ины денесинен көптөгөн жаракаттар жана бычактан алган жаракаттары менен табышып, аны ооруканага алып келишкен. Көп узабай, жабырланган адам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуя Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголот.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көп өтпөй экинчи качып кеткен жаран аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынын 33 жаштагы тургуну О.У. экени аныкталды.

Алдын ала сурак учурунда, кылмышка шектүү катары кармалган жарандар, өздөрүнүн кылмышка болгон күнөөсүн толугу менен мойнуна алышты.

Алардын айтымында, ошол күнү спирт ичимдигин ичип отурушкан. Андан кийин, О.У. жабырлануучуга көптөн бери таарынычын эстеп, Т.У. анын үйүнө барып, сүйлөшүнүү сунуштайт. Анын үйүнө келишип, С.Ины чакырышат. Үй ээси сыртка чыкканда, аны таяк менен эсин оодара чабышат. Андан кийин, аны үйүнө киргизип, ал жерден О.У. аны бир нече жолу бычак менен денесине залал келтирет.

Шаардык соттун чечими менен, шектүүлөргө карата 2 айга камакка алынды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>