Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
“Эсимде” тасмасы “Евразия” кинофестивалынын баш байгесин утту
19.12.2022 | 09:34
Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы Алматыдагы «Евразия» эл аралык кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясынан билдиришти.
Калыстардын чечими менен Актан Арым Кубаттын тасмасы “Мыкты тасма” деп табылган.
Эскерте кетсек, аталган кинофестиваль Алматы шаарында 12-18-декабрь күндөрү болуп өттү. «Евразия» кинофестивалы 1998-жылы негизделген. Ал Кинопродюсерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясында (FIAPF) каттоодон өткөн жалгыз казакстандык кинофестиваль болуп саналат.
“Эсимде” тасмасы “Евразия” эл аралык кинофестивалына катышат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз