«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды
28.09.2026 | 12:53

Талас облусунун Айтматов районунда баасы 94 млн сомду түзгөн автобаза жана анын 4,7 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүрүп, анда 2005-жылы мамлекеттик автобаза жайгашкан аталган аймак сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде 4,7 гектар жер тилкеси имараттары менен бирге мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Башкы прокуратура