Эверестти багындырган Кадыр Сайдилкан Кыргызстанга келди

Эверестти багындырган Кадыр Сайдилкан Кыргызстанга келди

Бүгүн, 26-майда дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган  ишкер жана альпинист Кадыр Сайдилкан Кыргызстанга келди.

Маалым болгондой, Кадыр Сайдилканды аэропорттон Кыргызстандын альпинизм федерациясынан өкүлдөр жана туугандары, достору, кесиптештери тосуп алышты.

«Элибиз үчүн ыйык мааниге ээ, эркиндиктин жана эгемендүүлүктүн символу болгон «Манас» эпосу менен бирге Эверестте дагы бир жолу кыргыз желегин  желбиретип мекениме кайтып келгениме абдан кубанычтамын», — деди Сайдилкан.

Ошону менен бирге жылуу тосуп алган бардык жакындарына  ыраазычылык билдирди.

«Чокуга чыгуу 35 күнгө созулду. 17-майда шерп Тцеринг менен бирге чокуга жеттик. Ошол эле учурда татаал, кооптуу, бирок кызыктуу маршрут менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат. Мен мекендештеримдин колдоосун сездим, рахмат!» — деп кошумчалады Эверестке ийгиликтүү чыккан үчүнчү Кыргызстандык альпинист.

«Мен бийиктикке чыгуумду Кыргызстандын күчтүү, кыйынчылыктарды жеңген, ийгиликтүү, өлкөнү өнүгүүгө, өсүүгө алып барган аялдарына арнадым. Өлкөбүздө, аялдар саясатта, экономикада, коомдук турмушта аялдардын көбүрөөк колдоого алынышын каалайт элем. Мен аялдарга жана балдарга карата зордук- зомбулуктун ыплас көрүнүштөрүнөн арылып, мүмкүнчүлүктөрдүн тең болушуна шарт түзүшүбүздү каалайм!», — деп сөзүн жыйынтыктады альпинист Кадыр Сайдилкан.

Кадыр Сайдилкан үчүн Эверест «7 континенттеги 7 чоку» долбоорунун алкагында багындырган алтынчы чоку болуп калды, ал Килиманджаро (Африка) 5895 метр, Эльбрус (Европа) 5642 метр, Аконкагуа (Аргентина- Түштүк Америка) 6962 метр, «Денали (Аляска- Түндүк Америка) 6194 метр, Массив Винсон (Антарктида) 4897 метр  жана эң бийик чоку Эверест Непалда (Азия) 8848 метр чокуларын рекорддук 16 ай ичинде багындырганга жетишти.

Долбоорду жыйынтыктоочу акыркы чоку жетинчи континентте, тагыраагы  Австралияда, Карстенс пирамидасы (Пунчак- Жая), 4884 метр болуп эсептелет. Кадыр Сайдилкан бул чокуну да багындырган соң, планетанын жети континентиндеги 7 бийик чокуну багындырса, азыркы Кыргызстандын тарыхында ардактуу ордун ээлеген биринчи  кыргыз альпинист болуп калат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>