Евробиримдикте инфляция рекорддук көрсөткүчкө жетти

Евробиримдикте инфляция рекорддук көрсөткүчкө жетти

Евроаймакта инфляция жылдык көрсөткүч менен алганда рекорддук көрсөткүч менен 8,1%га жетти. Муну Евростаттын маалыматы тастыктайт.

Апрель айында экономисттер бирдиктүү европалык валютаны колдонгон 19 өлкөдө жылдык инфляцияны 7,4% деп баалашкан. Ошондо да бул Евробиримдиктин статистикалык кызматы 1997-жылдын январь айында эсептөөлөр башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчтөр болчу.

Евростат өзгөчө энергия алып жүрүүчүлөргө баалар 39,2%га жогорулаганын белгиледи. Азык-түлүктүн баасы дагы 7,5%га кымбаттады. Мунун себеби Украинадагы согуш, анткени Москва менен Киев дүйнөдөгү эң ири азык-түлүк экспорттоочусу.

Кийим-кече, техника, автоунаа, компьютер жана китептердин баасы 4,2%га кымбаттады.

«Биз калктын аярлуу катмарын, эң оор кырдаалда тургандарды коргоо зарыл экенин түшүнүп жатабыз. Бийлик кризиске каршы аракеттенүүдө социалдык коргоону эске алышы керек. Биз өкмөттөрдүн, иш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын ортосундагы аракеттер боюнча диалогдорду түзүшүбүз керек. Кырдаалдан чыгышыбыз керек.  Бул чечимдердин мыйзамдуулугун жана алгылыктуулугун гана бекемдейт «, — деди Эл аралык Эмгек Уюмунун Башкы директору Гай Райдер.

Инфляциянын эң жогорку деңгээли Эстонияда катталган – жылдык көрсөткүчтө алганда 20,1%. Экинчи орунда Литва турат. Көрсөткүч 18,5% жеткен.

Ал арада Европанын эң ири экономикасы болгон Германияда инфляция биринчи жолу мунай кризисинен улам баалар көтөрүлгөн, 1970-жылдардын башындагы деңгээлден ашты. Бүгүнкү күндө жылдык эсеп менен алганда 7,9% жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>